Оператор Булат Сатаркулов суракка алынбай эле кое берилгенин билдирди
- 2 месяца мурун
Оператор Булат Сатаркулов укук коргоо органдары аны суракка албай эле кое бергенин Фейсук баракчасы аркылуу билдирди.
-Менде баары жакшы, ал тургай суракка да алышкан жок. Чыктым, тынч эле келе жатам. Төлөкан Асаналиевнада (Исмаилова-ред.) деле баары жакшы болот деп ойлойм, анын адвокаты бар. Ал өзү айтып берет болушу керек. Балким Берметти деле суракка алышпайт окшойт,-деди Булат Сатаркулов.
Социалдык тармактарда милиция укук коргоочу Төлөкан Исмаилованы, активист Бермет Бөрүбаеваны жана оператор Булат Сатаркуловду суракка алып кеткендиги тууралуу маалыматтар жарыяланган.
Буга чейин Төлөкан Исмаилова Фейсбукта негативдүү маалымат тараткандыгы боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына суракка чакыруу кагазын алгандыгын Фейсбук баракчасы аркылуу билдирген.
Фейсбукта Tolekan Ismailova деген аталыштагы аккаунт социалдык тармакта негативдүү реакция жараткан маалыматтарды таратып жатканы айтылат. Буга байланыштуу Tolekan Ismailova деген баракчанын ээсине карата ыкчам-териштирүү иштерин жүргүзүп, аны тергөөгө алып барары жазылган.
Сүрөттө: Оператор Булат Сатаркулов. Интернет булактарынан




