Сокулук районундагы мектеп окуучуларынан акча опузалоого шектүү улан кармалды

  • 7 дней мурун

Сокулук районунун Кызыл-Туу айылындагы мектепте окуучулардан акча опузалоого шектүү улан кармалды. Жогорку класстын айрым окуучулары кичүү класстардын окуучуларынан акча талап кылышып, баш тарткан учурда аларга физикалык жана психологиялык басым көрсөтүшкөн.

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.  

24-октябрда Instagram социалдык тармагына мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгында колдонуучулар тарабынан Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын бир мектебинде кооптуу кырдаал жаралгандыгы тууралуу маалыматтык билдирүү жарыяланган.

Аталган билдирүүдө Кызыл-Туу айылындагы орто мектепте окуучулар арасында акча талап кылуу жана коркутуу учурлары системалуу түрдө болуп келери айтылган. Маалыматка ылайык, айрым жогору класстын окуучулары кичүү класстардын окуучуларынан акча талап кылышып, баш тарткан учурда аларга физикалык жана психологиялык басым көрсөтүшкөн.

Бул маалымат каттоого алынып, анын негизинде текшерүү иштери башталган.

Текшерүү учурунда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Кызыл-Туу айылынын жашоочулары – 1988-жылы туулган С.Ж., К.Г. жана А.Ж. тарабынан жазуу жүзүндөгү арыздар түшкөн. Аталган арыздар мыйзам талаптарына ылайык катталган.

Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (опузалоо) белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө жана тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө мыйзамсыз аракеттерди уюштурган адам мурда ушул мектепте окуган, учурда жогорку окуу жайынын студенти, 2007-жылы  туулган Б.А. шектүү катары  убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Тергөө уланууда.

Сүрөт: Чүй ОИИББ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты