Жалал-Абад облусунда акча опузалоого шектүү кылмыштуу топ мүчөлөрү кармалды
- 4 недели мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан мурда ишкерлерден акча талап кылган деп айыпталган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү С.И.А., Н.Р.Х. жана А.Б.Т. кармалды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, жогорудагы аты аталган адамдар кылмыштуу идеологияны активдүү карманып, Ноокен районунун тургундарынан акча талап кылып келишкени, алардын айтымында, бул акча түзөтүү колонияларында кармалган адамдарды колдоо үчүн пайдаланылгандыгы аныкталган.
Ошондой эле кармалгандар күч жана психологиялык басым менен жабырлануучуларды өздөрүнүн жеке жактарына катталган ири суммадагы кредиттерди төлөөгө мажбурлашкандыгы тууралуу маалыматтар алынган.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында кармалгандар Камчы Көлбаевдин “Чач” каймана аты бар Э. Мурзахметовдун колдооосуна ээ болгону, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү экендиги аныкталган. 2022-жылы кармалгандардын бири “Рокки” каймана аты бар Н.Р.Х. Ноокен районунун “смотрящийи” болгон.


Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы




