УКМК: Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин экс-орун басары 200 миң доллар опузалоого шектелип кармалды

  • 1 месяц мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүү алкагында КР жарандары К.Б.Ш. (ЖК аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары) жана А.Т.Н. тарабынан 200 миң АКШ долларын алууга шектелүүдө.

Бул тууралуу УКМК басма сөз борбору билдирди.

Маалыматта айтылгандай, аталган жарандар алдын ала макулдашуу боюнча бизнес өкүлдөрүнүн биринин ишенимине кирип, УКМК төрагасы Ташиев менен тыгыз байланышы бар экенин айтып, алдамчылык жолу менен УКМК тарабынан кылмыш ишин токтотуу үчүн 200 миң АКШ долларын алышкан.

Ошол эле учурда 2025-жылдын 10-октябрында жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча жогоруда аталган К.Б.Ш. жана А.Т.Н. кармалып, жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренеси боюнча УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

УКМК: Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин экс-орун басары 200 миң доллар опузалоого шектелип кармалды

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты