Бишкек мэриясынын ишканасынын кызматкери 1 млн сом пара опузалоого шектелип кармалды
- 3 недели мурун
- Видео
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан 2026-жылдын 19-январында Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт жана жол транспортунун инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин алдындагы «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын кызматкерин 1 миллион сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармады.
Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматта айтылгандай, муниципалдык ишкананын мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн айрым кызматкерлери жасалма тоскоолдуктарды түзүү жана бүткөрүлгөн иштер үчүн каражаттарды которууну кечеңдетүү аркылуу жалпы тендердик баанын 10%ын дайыма опузалап турган.
Мамлекеттик ишкананын кызматкери А.К.Ш. кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.
Тергөө иштери улантылууда.
Сүрөт: УКМК
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!




