Опузалоого шектелип изделип жаткан жаран кармалды

  • 10 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук мамлекетти комитети (УКМК) тарабынан Б.И.М.ден опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында изделип жаткан Ош облусунун тургуну, 1984-жылы 25-июнда туулган КР жараны Т.У.С. аныкталып, кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Т.У.  БАЭде жана Дубайда жүргөндө мыйзамдагы ууру, маркум Камчы Көлбаевдин (К.Асанбек) атын пайдаланып, Б.И.М.ге жана анын туугандарына зомбулук көрсөтөм деп коркутуу жолу менен жабырлануучудан эки миллион рубль өлчөмүндө акча талап кылган. Ошондой эле, Т.У. эгер төлөмдөн баш тартса, Б.И.М.дин  ата-энесин жана балдарын өлтүрөм деп коркутканын белгилеген.

2021-жылдын 12-ноябрында У.Т.нын шериги З.Б., акча алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

2022-жылдын 11-майында У.Т. кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган кылмышты жасагандыгы үчүн (сыртынан) айыпталган.

Учурда бул кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарга карата тиешелүү тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №1 тергөө абагына киргизилген.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты