Опера жана балет театрынын директору 4-январга чейин камакта калтырылды

  • 5 месяцев мурун

Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрынын башкы директору Алмазбек Истамбаев 2024-жылдын 4-январына чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынды.

Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту 1-декабрда чыгарганын райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

1-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Алмазбек Истамбаев кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен шек саналып кармалганын кабарлаган.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, опера жана балет театрында мекеменин карамагындагы мүлктү узак мөөнөткө ижарага берүү келишимдерин түзүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталган.

Алмазбек Истамбаевдин жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек.

Алмазбек Истамбаев 2005- жылы Молдобасанов атындаыгы Кыргыз улуттук консерваториясын жана 2019- жылы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик уинверситетинин экономика жана менеджмент институтун аяктаган.

Ал Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрынын башкы директору болуп 2022-жылы февралда дайындалган.

2017-2020- жылдар аралыгында Жумахматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык симфониялык оркестринин директору, 2000- 2019-жылга чейин Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында алдынкы опера солисти, 2020-жылдан “Евразия ааламы – XXI кылым” мамлекеттер аралык форумунун көркөм жетекчиси, «Кыргыз Конгресси» бүткүл россиялык коомдук уюмунун маданият жана искусство комитетинин төрагасы, 2021- жылдан эл аралык «Генезис» симфониялык поэмасы долбоорунун («Дүйнөнүн жаралышы») Кыргызстандагы менеджери жана эл аралык кайрымдуулук долбоорунун координатору болуп иштеп келген.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы тараткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты