Опера жана балет театрын Алмазбек Истамбаев жетектейт   

  • 2 года мурун

Министерлер кабинетинин буйругуна ылайык, Алмазбек Истамбаев Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору болуп дайындалды.

Буга чейин аталган театрда башкы директор болуп иштеп келген Керим Турапов эки жума мурун бошотулган.

Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алмазбек Истамбаев 2005- жылы К. Молдобасанов атындыгы Кыргыз улуттук консерваториясын жана 2019- жылы И. Арабаев атындыгы Кыргыз мамлекеттик уинверситетинин экономика жана менеджмент институтун аяктаган.

2000- 2019- жылга чейин Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында опера алдынкы солисти;

2017-2020- жылдар аралыгында Жумахматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык симфониялык оркестринин директору, 2020-жылдан “Евразия ааламы – XXI кылым” мамлекеттер аралык форумунун көркөм жетекчиси, «Кыргыз Конгресси» бүткүл россиялык коомдук уюмунун маданият жана искусство комитетинин төрагасы, 2021- жылдан эл аралык «Генезис» симфониялык поэмасы долбоорунун («Дүйнөнүн жаралышы») Кыргызстандагы менеджери жана эл аралык кайрымдуулук долбоорунун координатору болуп иштеп келген.

Сүрөттө: Алмазбек Истамбаев Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты