УКМК Опера жана балет театрынын башкы директору кармалганын билдирди

  • 8 месяцев мурун

УКМК Опера жана балет театрынын башкы директору кармалганын билдирди.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын балансында турган мамлекеттик мүлк үчүн узак мөөнөттө ижара келишимдерин түзүүдө, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) козголгон кылмыш ишинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесине ылайык, КУАОЖБТнын башкы директору И.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул фактыга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо жана мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты