Окуучунун өлүмүнөн кийин Бишкектеги №72 мектептин жетекчилери кызматтан бошотулду

  • 1 месяц мурун

Бишкектеги №72 мектептин жетекчилиги окуучунун өлүмүнөн кийн кызматтан четтетилди. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева кечээ, 13-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Бишкек шаардын мэриясынын билим берүү департаментинин буйругу менен  аталган мектептеги окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн комиссия түзүлгөн.Анын жыйынтыгында аталган мектептин директору Д.Назаркулова, директордун тарбия иштери боюнча орун басары А.Орозбаева, социалдык педагог М.Базарбаева, класс жетекчиси А.Каракойчиева кызматынан бошотулду.

Бишкек шаарынын №72 мектебинин 8-классынын окуучусу Аннас Айтбаев окуучулардын ур-токмогунан кийин каза болуп калгандыгы айтылды. Мектеп директору Дамира Назаркулова окуучу бала өзү жыгылып кетип каза тапкан деген маалымат алганын айтууда. Баланын атасы Дөөлөтбек Айтбаев уулу жогорку класстын окуучуларынын ур-токмогунан каза болгонун билдирди.  

Окуучунун өлүмү тууралуу материал бул шилтемеде.

Ош облусунун Кара-Суу районунун Манас айыл аймагынын Каратай айылындагы №39 Адылбек Султанов атындагы орто мектепте 2025-жылдын 12-февралында 9-класстын окуучулары менен 11-класстын окуучулары арасында өз ара пикир келишпестик чыгып, натыйжада 9-а класстын окуучусу Турдубаев Адилет жабыркап, көрсөтүлгөн жардамдарга карабастан каза болуп калган.

Бул окуя боюнча бир катар чаралар көрүлүп, жетекчилер кызматтан алынганын Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы билдирди.  

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты