Нурдин Мотуев кайра шайлоого талапкер болууга арыз берди  

  • 3 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясына  № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңеш депутаттарын кайра шайлоого катышуу жөнүндө 32 талапкерден өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде билдирүү түштү.

Кийинкилерден болуп Биринчи май шайлоо округу № 27 Азамат Мамбетсадыков жана №29 Свердлов шайлоо округунан Нурдин Мотуев, Казыбек Эргешов, Медер Абышев арыз берди.

Буга чейин Бишкек шаарынын Биринчи май шайлоо округунан: Азаматбек Жоробеков, Темирбек Нурматов, Акжолтой Келгенбаев, Таалайбек Кермалиев, Рыскелди Момбеков, Адылбек Гапаров, Русланбек Акылбеков, Рысбай Аматов, Анвар Сартаев, Нурбек Токтакунов, Шадыкан Жакыпбеков, Элвира Сурабалдиева арыз берген.

Свердлов шайлоо округу боюнча:: Абдурахман Муртазалиев, Аспек уулу Азамат, Нурланбек Маматкулов, Эльнура Алканова, Бакыт Бакиров, Бакыт Садабаев, Бакытбек Болотбеков, Улукбек Тургунбаев, экс-депутаттар Ирина Карамушкина жана Шайлообек Атазов, Муратбек Султанбеков, Эдил Бейшенбаев, Жусубалы Керимбаев, Назгүл Жолдошева, Жаныбек Асанбеков, Гуля Алмамбетова арыз берген.  

28-ноябрда Кыргызстанда аралаш система боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өттү. Ага бирдиктүү шайлоо округунан 21 партия жана бир мандаттуу округдардан 282 талапкер катышты.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы 90 депутаттан турат. 54 депутат партиялык тизме боюнча шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келет.

№27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 2022-жылдын 27-февралына бекитилди. Жогоруда аталган шайлоо округдарында баарына каршы добуш бергендердин саны басымдуулук кылгандыктан, шайлоо өткөн жок деп таанылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты