Нурдан Орунтаев министр болуп дайындалды
- 1 год мурун
Нурдан Орунтаев курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри болуп дайындалды.
Бул тууралуу жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.
13-февралда Жогорку Кеңеш Нурдан Орунтаевди курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри кызмат ордуна дайындоого макулдук берди.
Министрлер кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин базасында курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигин түзүү чечими кабыл алынды.
Сүрөт: kenesh.kg
Муну бөлүшүү




