Нурадил Баясов “ЭлКат” компаниясынын директору болуп дайындалды

  • 1 год мурун

Нурадил Баясов “ЭлКат” компаниясынын директору болуп дайындалды.

Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта, президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев журналисттерге билдирди.

Нурадил Баясов расмий түрдө ишке эртең, 1-апрелде киришет.   

Буга чейин аталган компанияны башкарган Уланбек Толубаев кызматтан өз каалоосу менен бошотулган.

Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевдин айтымында, “ЭлКат” жоопкерчилиги чектелген коомунун (ЖЧК) жалгыз учредители “Айкөл-5” ЖЧКсы болуп саналат, ал эми ал компаниянын учредители — президенттин иш башкармалыгы.

Бишкектин Биринчи май райондук соту К.З.М., Ш.С.И. жана Т.У.А. аттуу жарандарды 3-апрелге чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Кармалгандар кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгүндө («Коррупция») каралган кылмышка айыпталууда.

“ЭлКат” компаниясынын башкы директору Уланбек Толубаев жана эки учредители – С.Ш. жана З.К. кармалганын бир катар ЖМК жазган.  Андагы маалымат боюнча, 10-февралда компаниянын кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, документтер жана компьютерлер алынган. Кармалгандар УКМКнын убактылуу жайына камакка алынганы айтылды.

Мурдагы жетекчилер камакка алынгандан кийин президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев  Нурадил Баясовду “ЭлКаттын” убактылуу жетекчиси кылып дайындагандыгы маалым болгон.

«ЭлКат» бул эл аралык ири байланыш оператору болуп саналат. Маалыматтарга караганда «ЭлКаттын» жетекчилери менен инвесторлордун ортосунда көптөн бери териштирүүлөр жүрүп келген.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты