УКМК кен казып алууда мамлекетке 5,5 млн сом зыян келтирүү аныкталганын билдирди  

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) кен казып алууда мамлекетке 5,5 млн сом зыян келтирүү аныкталганын билдирди  

Кылмыш ишинин алкагында улуттук коопсуздук органдары тарабынан «Шагыл-кум Кереге-Таш» жоопкерчилиги чектелген коомдун (ЖЧК) жетекчиси З.Б.З. кум-шагыл аралашмасын жана чопо топуракты мыйзамсыз казып алуу ишин уюштурганы аныкталды.

Натыйжада жерлердин бузулушу жана жараксыз абалга келтирилиши, ошондой эле бузулган жерлерди калыбына келтирүү боюнча каралган рекультивациялык иштердин жүргүзүлбөгөндүгүнө байланыштуу, экологиялык талаптар бузулган. Андан мамлекетке 5 513 904 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген деп эсептелүүдө.

Ысык-Көл облусунун аймагында кум-шагыл аралашмасын жана чопо топуракты мыйзамсыз казып алуунун ушул сыяктуу фактыларын аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылып жатканы айтылды.

Сүрөт: УКМК видеосунан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты