Жогорку Кеңеш жетекчилик кызмат орундарына сунушталган талапкерлерди дайындоого макулдук берди

Бүгүн, 9-сентябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар жетекчилик кызмат орундарына сунушталган талапкерлерге макулдук берди.

Талапкерлер тууралуу маалыматты президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды.

Алмаз Имангазиев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна, Алмаз Айылчиев юстиция министринин кызмат ордуна жана Малик Бектурганов башкы прокурорлукка сунушталууда.

Аталган талапкерлерди жетекчилик кызмат орундарына дайындоого макулдук берилип, Жогорку Кеңештин тийиштүү токтомдору кабыл алынды.

Сүрөт: ЖК жыйынындагы видео тасмадан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты