Ош шаар кеңешинин депутаты пара алууга шектелип кармалды
- 3 недели мурун
- Жаңылыктар
Пара алууга шектелип, Ош шаар кеңешинин депутаты кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы (ШИИБ) билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 17-августта Ош шаарынын тургуну 1988-жылы туулган жаран Ош милициясына арыз менен кайрылган Ал арызында Ош шаарындагы “Жибек” балдар бакчасына тарбиячы катары ишке орношуу үчүн бакча жетекчиси, Ош шаардык кеңешинин депутаты Ч.З. аталган бакчага тарбиячылык жумушка алуу үчүн 25 миң сом талап кылгандыгын билдирген.
“Бакча жетекчиси Ч.З. жабырлануучуга чалып, Ош шаарынын Эргеш Алиев көчөсүндө жайгашкан “Жибек” балдар бакчасына жумушка киргизүүнү айтып аны үчүн 25миң сом акча каражатын берсе, бала бакчага тарбиячы кылып жумушка алуусун айткан. Жабырлануучу акча каражатын бербей жумушка алуусун жана мүмкүнчүлүгү жок болуп жатканын айтып суранган учурда, Ч.З. андай жумушка башка талапкерлер бар экенин айтып, акча каражатын берген учурда гана эртеси жумушка келүүсүн айткан.
Жабырлануучу жумушка кирүү үчүн аргасыз болуп Ч.З.га телефон номерине ачылган Мбанк эсебине өзүнүн инисинин Мбанк эсебинен 20 миң сом которгон. Ал эми эртеси күнү Ч. З. телефон аркылуу жумушка чыгышын айткан. Айлык акы алган соң калган 5000 сом акча каражатын балдар бакчасында өзүнүн иш бөлмөсүндө алганын жабырлануучу арызында билдирген” деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин, 1-бөлүгү (Пара алуу) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, шектүү Ч.З. убактылуу кармоочу жайга 17-августта киргизилди.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




