Wildberries маркетплейси товарларын “өнөктөш хабдарга” сактоо чечимин кабыл алды

Орусиялык Wildberries маркетплейси товарларын “өнөктөш хабдарды” ачуу менен сатуучуларды жана заказды берүүчү пункттарды коргоого алуу чечимин кабыл алды.

Бул тууралуу аталган компаниянын басма сөз кызматы маалымдады.

Кимде ижарага ылайыктуу жай болсо, арыз берүүгө болот. Эгер сунуш кабыл алынса, анда ал кампа товарларды сактоо жана жиберүүгө сый акы алат.

Шериктеш хабдар товарларды чогултуп, жөнөтүп, сорттоочу борборлорго жеткирип турмакчы.   

Июль айынын ортосунан бери Wildberries компаниясынын кампалары чабуулга алынууда. Көпчүлүк сатуучулар товарларынан айрылды, ал эми Wildberries‘тин өзүнүн чыгымдары 100 млрд рублга жеткендиги белгиленүүдө.

Компания товар ээлерине компенсация төлөп бере баштады, бирок ал чыгымдын ордун толтурбай калып жатканы айтылууда.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты