Бороондон улам Жамбыл облусундагы эки районго өзгөчө кырдаал режими киргизилди

  • 5 месяцев мурун

14-декабрда Казакстандын Жамбыл облусундагы Чу жана Кордой райондорунда аба ырайына байланыштуу өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Бул тууралуу жергиликтүү акимчилик кабарлады.

12-декабрдан бери катуу сууктан жана бороондон улам аймактагы автожолдор жабыла баштаган.

14-декабрь күнү саат 23:00гө карата куткаруучулар жолдо калган 1 200дөн ашык кишини эвакуациялаганы кабарланган. Алардын баары жакын жерлердеги жылынуу жайларына жеткирилген. Куткаруучулардын айтымында, трассалардагы кар күрткүсүнө кабылган дагы бир нече автоунаа тыгында калууда.

15-декабрь күнү эртең мененкиге карата трассалардан 2 413 киши куткарылганы, алардын 90у балдар экени кабарланды. Маалыматка караганда, 600гө жакын киши үйлөрүнө кайтса, 1 813 киши жылынуучу жайларга жайгаштырылды. Үч жүргүнчү Кордой райондук ооруканасына жеткирилген. Учурда алардын абалы туруктуу деп бааланууда.

Жергиликтүү акимчиликтин маалыматы боюнча, жалпысынан эки күндүн ичинде кар күрткүсүнө кабылган 5 миңден ашык киши куткарылды. Адам каза болгон учурлар катталган жок.

BES.media басылмасы жазгандай, Жамбыл облусундагы Чу районунда бороондон жана суу кардан улам электр зымдары үзүлүп, аймакта миңге жакын тургун электр жарыгысыз калды. «Чу – Отар» багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташуучу 11 поезд жолдо туруп калып, андагы жүргүнчүлөр да эвакуацияланган.

Жамбыл облустук акимчилиги чукул байланыш линиясы ачылганын билдирип, жашоочуларды дүрбөлөңгө түшпөөгө жана расмий маалыматтарга гана ишенүүгө чакырды.

«Казгидрометтин» божомолуна ылайык, жакынкы күндөрү аймакта ушундай эле туруксуз аба ырайы сакталып, шамалдын ылдамдыгы секундасына 30 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты