Аксы районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

25-май күнү нөшөрлөп жааган жаандан улам, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Камыш, Сары-Челек, Үч-Коргон айыл аймактарында кокту-колоттордон чогулган сел суулар 56 турак жайдын короосун, анын ичинен 6 турак үйдүн жер төлөсүн, 4 турак үйдүн ичине кирип, 3 мал сарай урап калган.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов Жалал-Абад облусунун Жарандык коргонуунун башчысы Абсаттар Сыргабаев баштаган ыкчам топ тартылган жана штаб түзүлгөн. Аксы районунун акими З. Бейшеновдун буйругунун негизинде айыл аймактык деңгээлдеги Өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Учурда райондук жарандык коргонуу кызматтарынан 100 адам, ӨКМден 24 куткаруучу тартылды.

Мындан сырткары райондук жарандык коргонуу кызматынан жана ӨКМдин 15 техника тартылып, жолдорду тазалоо, Кара-Суу дарыясынын сол жээгин бекемдөө жумуштары жүрүүдө.

Мындан сырткары Сары-Челек айыл аймагында 3 ички көпүрө авариялык абалга келип, кооптулукту жараткан.

Учурда жеринде өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты