Энергетика тармагына өзгөчө кырдаал режимин киргизүү тууралуу жарлыкка кол коюлду

  • 9 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров энергетика тармагында 2023-жылдын 1-августунан 2026-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.   

Жарлыкта 2023-жылдын 1-августунан тартып 2026-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын энергетика тармагында өзгөчө кырдаал режими жарыялана тургандыгы айтылат.

Министрлер кабинети бир жумалык мөөнөттө:

Министрлер кабинетине караштуу жашыл энергетика фондуна өткөрүп берүү менен энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн жарактуу жер участокторун аныктоо жана бөлүп берүү укугун белгиленген тартипте энергетика министрлигине берет;

Өзгөчө кырдаал режими колдонулган мезгилде энергетика министрине оперативдүү тартипте төмөнкүдөй өзгөчө укук берсин деп айтылат жарлыкта:

– жер жана суу фонду, жер казынасын пайдалануу маселелерин тескеген айыл чарба, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлеринин орун басарларынын, Улуттук илимдер академиясынын суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин, “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасынын директорлорунун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын Кыргыз Республикасынын аймагында энергетика чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу бөлүгүндө ишин жалпы координациялоону жүзөгө ашырууга;

– кызмат адамдарын ушул жарлыкты ишке ашырууга байланышкан чаралар талаптагыдай аткарылбаган учурда кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;

3) энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн жарактуу жер участокторун инвентаризациялоону жүргүзсүн жана 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып белгиленген тартипте энергетика чөйрөсүндөгү объекттерди курууга арналган, максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган же техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу, энергетикалык объекттерди долбоорлоо жана куруу боюнча иштер баштала элек жер участокторун пайдалануу укугун токтотууну демилгелесин;

4) энергетика тармагындагы мамлекеттик катышуу үлүшү бар мамлекеттик ишканаларга, акционердик коомдорго жана алардын туунду коомдоруна өзгөчө кырдаалдын көрсөтүлгөн режимин киргизүү менен байланышкан иш-чараларды жүзөгө ашыруунун алкагында товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү бир булактан методу менен сатып алууга уруксат берсин;

5) энергетика министринин ушул жарлыктын талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилигин белгилесин.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты