Тогуз-Торо районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

  • 11 месяцев мурун

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.    

Нарын дарыясында суунун көлөмү көтөрүлүп, Тогуз-Торо районуна караштуу “АБЗ” тилкесин, “Ынтымак” конушуна жана 16 гектар айдоо жерин, аэропорттун учуу-конуу тилкесин суу жеп кетүү коркунучу пайда болгон.

Мындан улам Тогуз-Торо районуна III даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Ал жакта Нарын дарыясынын белгиленген тилкесинде суунун нугун буруу иштери жүрүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жана жарандык коргонуу кызматынан тиешелүү оор техникалар тартылып күйүүчү май менен камсыздалган.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты