Камчаткада соңку 50 жылда болуп көрбөгөндөй кар жаады
- 7 месяцев мурун
Камчаткада акыркы 50 жылда болуп көрбөгөндөй кар жаады. Айрымдар батирлеринен сыртка терезе аркылуу чыгышканы тууралуу маалымдалууда.
Петропавловск-Камчатск шаарында 2025-жылдын декабрь айында 377 мм кар жаап, айлык нормадан 317 пайызга көп болгон. Ал эми 2026-жылдын январь айынын биринчи жарымында 163,6 мм кар жааган, бул айлык норманын 150%ын түзгөн. Бул тууралуу “Камчатка-Информ” басылмасы билдирген.
Айрым жерлерде кардын калыңдыгы 2,5 метрге чейин жеткен. Ал эми жергиликтүү жашоочулар социалдык тармактарда кардын калыңдыгы 5 метрге чеийн жеткендигин жазышкан.
Петропавловск-Камчатскиде муниципалдык деңгээлде өзгөчө кырдаал жарыяланган.
Кардын калың жааганынан улам шаарда жүргүнчүлөр автобусу каттабай калып, аларды атайын вахта унааларында жеткиришкен.17-январдан баштап автобустар каттай баштаган, бирок алардын кыймылы да чектелүү болгон. Үйлөрдү кардан тазалоого жергиликтүү тургундарга куткаруучулар жана аскер адамдары жардамга барышкан.
Мектептер жана крайдын мекемелери аралыктан окууга өткөрүлгөн.

Сүрөт: Александр Пирагис / РИА Новости / Спутник / Profimedia

Сүрөт: Александр Пирагис / Anadolu / Getty Images
Башкы сүрөт: Александр Пирагис / Anadolu / Getty Images




