Нипах вирусуна байланыштуу Индиядан мал этин алып кирүүгө чектөө киргизилди
- 1 месяц мурун
Кыргызстанда 28-январдан тартып Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы Индиядан Нипах вирусуна сезимтал мал жана андан жасалган продукцияны алып кирүүгө убактылуу чектөө киргизди. Бул тууралуу Ветеринария кызматы билдирди.
Бул чаралар нипах вирусунун катталышына байланыштуу жана өлкөнүн ветеринардык-санитардык коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынды.
Маалыматта айтылгандай, нипах вирусу кооптуу зооноздук инфекция болуп эсептелет жана ал жаныбарлардан адамга жугушу мүмкүн. Кызмат жарандарга келип чыгышы белгисиз жаныбарлардан алынган продукцияларды сатып алуудан алыс болууну жана ветеринардык коштоочу документтердин бар-жогуна өзгөчө көңүл бурууну сунуштайт.
Учурдагы кырдаал Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын туруктуу көзөмөлүндө турат.
28-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бурун Аманова Индияда таралып жаткан нипах вирусунун биздин өлкөдө анын алдын алуу иштери боюнча кандай чаралар көрүлүп жаткандыгы тууралуу өкмөттүн жана саламаттык сактоо министрлигинин маалыматын угуу керектигин билдирди.
-Ушу күндөрү Интернет желелери аркылуу таркалган маалыматтарда Индиядагы нипах вирусу тууралуу айтылып жатат. Биз дагы саламаттык сактоо министрлиги, Өкмөт тарабынан кандай иштер жүргүзүлүүдө. Алдын алуу чаралары көрүлүп жатабы? Себеби мындан 6 жыл мурдагы ковидде бир топ жарандарыбыз өтүп кеткен, тилекке каршы. Ошол кемчиликтерди эске алып, ошл вирустун алдын алган иш-чараладры жүргүзсө деген сунушум бар эле,- деди депутат.
Өлкө аймагында Нипах вирусун жуктуруу учурлары катталган эмес. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, эпидемиологиялык кырдаал санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарынын туруктуу көзөмөлүндө турат.
Маалыматтарга караганда, нипах вирусу (Nipah henipavirus) оор дартты чакырат, мээнин жабыркашына алып келиши ыктымал. Ал Индияда тарап жаткандыгы тууралуу маалыматтар бар.




