Бишкекте Ауэзов көчөсүнүн айрым бөлүгүндө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет

Бишкек шаарында жол куруу тармагындагы жаңы эксперименталдык технологияны сыноо иштерине байланыштуу 5-ноябрь, саат 08:00дөн 8-ноябрь, саат 20:00гө чейин Мухтар Ауэзов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Сагынбай Манасчы көчөсүнө чейинки бөлүгүндө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилди.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Борбор шаар мэриясы айдоочулардан жолго чыгар алдында каттамдарын алдын ала пландап, мүмкүнчүлүккө жараша альтернативдүү жолдорду тандоону жана убактылуу жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты