Нипах вирусун жуктуруу Кыргызстанда катталган эмес
- 2 месяца мурун
Өлкө аймагында Нипах вирусун жуктуруу учурлары катталган эмес. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, эпидемиологиялык кырдаал санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарынын туруктуу көзөмөлүндө турат.
Инфекциянын өлкөгө киришинин алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында санитардык-карантиндик көзөмөл чаралары күчөтүлгөнү айтылды.
Санитардык-карантиндик пункттардын кызматкерлери келген адамдардын ден соолугунун абалын көзөмөлдөп, транспорт каражаттарына санитардык көзөмөл жүргүзүп, колдонуудагы нормативдик талаптарга ылайык алдын алуу иш-чараларын аткарышууда.
Өлкөнүн медициналык уюмдары ооруну эрте аныктоо, бейтаптарды обочолонтуу жана эпидемияга каршы чараларды уюштуруу маселелери боюнча нускама алышты.
Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) жана эл аралык өнөктөштөр менен эпидемиологиялык маалымат алмашуу жана алдын алуу чараларын координациялоо боюнча туруктуу байланышта.
Маалыматтарга караганда, нипах вирусу(Nipah henipavirus) оор дартты чакырат, мээнин жабыркашына алып келиши ыктымал. Ал Индияда тарап жаткандыгы тууралуу маалыматтар бар.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




