2027-жылдын 1-апрелине чейин  Көк  — Мойнок  — Кубакы — Кочкор автожолунда унаа кыймылына чектөө киргизилди

2026-жылдын 5-ноябрынан тартып, 2027-жылдын 1-апрелине чейин Көк  — Мойнок  — Кубакы — Кочкор автожолуна унаа кыймылына чектөө киргизилди. Бул тууралуу транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди.

2026-жылдын 5-ноябрынан тартып, 2027-жылдын 1-апрелине чейин эл аралык маанидеги  Көк  — Мойнок  — Кубакы — Кочкор автожолунун тиешелүү тилкесинде жалпы салмагы 7 тоннадан ашкан жүк ташуучу транспорт каражаттарынын кыймылына чектөө киргизилди.

Мындай чечим күз-кыш мезгилинде жол кыймылынынын коопсуздугун камсыз кылуу, жол кырсыктарынын алдын алуу жана жол тилкелеринде транспорт каражаттарынын коопсуз жүрүүсүнө шарт түзүү максатында кабыл алынды.

Ал эми чектөө киргизилген мезгилде оор жүк ташуучу транспорт каражаттары үчүн альтернативдүү маршрут катары Балыкчы шаары аркылуу өткөн Бишкек – Нарын -Торугарт автожолунун Бишкек багыты сунушталат.

Убактылуу чектөө жеңил унааларга, жүргүнчү ташуучу микроавтобустарга, гуманитардык жардам жеткирүүчү транспорт каражаттарына, ошондой эле медициналык тез жардам, өрт өчүрүү, куткаруу жана укук коргоо органдарынын атайын транспорт каражаттарына жайылтылбайт.  

Сүрөт: Интернет булактарынан  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты