Депутат парламентке тиешелүү жетекчилерди чакырып, нипах вирусунун алдын алуу чараларын угууну сунуштады  

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 28-январда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бурун Аманова Индияда таралып жаткан нипах вирусунун биздин өлкөдө анын алдын алуу иштери боюнча кандай чаралар көрүлүп жаткандыгы тууралуу өкмөттүн жана саламаттык сактоо министрлигинин маалыматын угуу керектигин билдирди.  

-Ушу күндөрү Интернет желелери аркылуу таркалган маалыматтарда Индиядагы нипах вирусу тууралуу айтылып жатат. Биз дагы саламаттык сактоо министрлиги, Өкмөт тарабынан кандай иштер жүргүзүлүүдө. Алдын алуу чаралары көрүлүп жатабы? Себеби мындан 6 жыл мурдагы ковидде бир топ жарандарыбыз өтүп кеткен, тилекке каршы. Ошол кемчиликтерди эске алып, ошл вирустун алдын алган иш-чараладры жүргүзсө деген сунушум бар эле,- деди депутат.    

 Өлкө аймагында Нипах вирусун жуктуруу учурлары катталган эмес. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, эпидемиологиялык кырдаал санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарынын туруктуу көзөмөлүндө турат.

Инфекциянын өлкөгө киришинин алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында санитардык-карантиндик көзөмөл чаралары күчөтүлгөнү айтылды.

Санитардык-карантиндик пункттардын кызматкерлери келген адамдардын ден соолугунун абалын көзөмөлдөп, транспорт каражаттарына санитардык көзөмөл жүргүзүп, колдонуудагы нормативдик талаптарга ылайык алдын алуу иш-чараларын аткарышууда.

Өлкөнүн медициналык уюмдары дартты эрте аныктоо, бейтаптарды обочолонтуу жана эпидемияга каршы чараларды уюштуруу маселелери боюнча нускама алышты.

Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) жана эл аралык өнөктөштөр менен эпидемиологиялык маалымат алмашуу жана алдын алуу чараларын координациялоо боюнча туруктуу байланышта.

Маалыматтарга караганда, нипах вирусу (Nipah henipavirus) оор дартты чакырат, мээнин жабыркашына алып келиши ыктымал. Ал Индияда тарап жаткандыгы тууралуу маалыматтар бар.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты