“Никакого матчества”. Парламент Конституциялык сот тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү колдоду

  • 8 месяцев мурун

Бүгүн, 28-сентябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси – президент.

Жогорку сот сыяктуу эле өзүнүн чечимдерин кайра кароо боюнча ыйгарым укуктарды Конституциялык сотко  берүү аталган мыйзам долбоорунда каралып жатат. Конституциялык сот өзүнүн чечимин төмөнкү учурларда президенттин сунуштамасы боюнча же Конституциялык соттун төрагасынын сунуштамасы боюнча кайра карашы мүмкүн, эгерде:

1) чечим кабыл алууга негиз болгон Конституциянын ченеми өзгөрсө;

2) чечим чыгаруу учурунда Конституциялык сотко белгисиз болгон, кайрылуу предмети үчүн жаңы олуттуу жагдайлар ачылса;

3) чечим Кыргыз Республикасынын элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келсе.

Жогорку Кеңеш аталган мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз колдоп берди. Жаңы киргизиле турган өзгөртүүлөргө ылайык, Конституциялык сот өз чечимин кайра карап чыгууга укуктуу болот.

Буга чейин Конституциялык сот кабыл алган чечими боюнча “(КР Жарандык кодекстин 56-беренеси боюнча 18 жашка толгондон кийин) бала ар кандай себептер менен атасынын атын алып жүргүсү келбесе,  ал атасынын же энесинин атын тандап алуу укугуна ээ боло алышы керек. Бул суроо өзгөчө учурда, калктын аз гана бөлүгүнө тиешеси болушу керек. Ошондуктан мыйзамда жарандардын бул категориясы үчүн теңдик жана дискриминация болбошу үчүн мындай укуктук ченемдер камтылышы керек. Бул чечим менен биздин салттуу жана тарыхый баалуулуктарыбыз бузулбайт” деп билдирген.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда каалагандарга атасынын атынын ордуна энесинин атын (матчество, матроним) алып жүрүүгө расмий уруксат берилгенин cүрөтчү, балдар жазуучусу Алтын Капалова Фейсбук баракчасына жазган. Капалова мындай чечимди Конституциялык сот кабыл алганын белгилеген.

Конституциялык соттун чечими тууралуу жарыя кылган Алтын Капалова 2, 5 жылдан бери үч баласына алардын атасынын ысмын эмес, өзүнүн ысмын берүүгө уруксат ала албай келген.

Социалдык тармакта матчествону колдогондор менен каршы чыккандар арасында кызуу талкуулар жүргөн.

“Медиа полиси институту” “Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушун сынга алды. Уюм мындай демилгени соттун “матчество” боюнча чечими менен байланыштырды. Сунушту Конституциялык соттун ишине кийлигишүү катары баалады.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев атасынын атынын ордуна энесинин атын (матчество, матроним) алып жүрүүгө уруксат берилүүсүнө каршы экенин билдирди. Ташиев Конституциялык сот матчество алууга расмий уруксат берген чечимин жокко чыгарышы керектигин белгилеген. «Никакого матчества, кто принял тот и должен отменить» деген Камчыбек Ташиев.

Сүрөт: ЖК жыйынынын видеосунан алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты