УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев матчествого каршы чыкты

  • 10 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев атасынын атынын ордуна энесинин атын (матчество, матроним) алып жүрүүгө уруксат берилүүсүнө каршы экенин билдирди. Ал бул тууралуу өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев матчествого каршы чыкты

Ташиев Конституциялык сот матчество алууга расмий уруксат берген чечимин жокко чыгарышы керектигин белгилеген.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда каалагандарга атасынын атынын ордуна энесинин атын (матчество, матроним) алып жүрүүгө расмий уруксат берилгенин cүрөтчү, балдар жазуучусу Алтын Капалова Фейсбук баракчасына жазган. Капалова мындай чечимди Конституциялык сот кабыл алганын белгилеген.

Конституциялык соттун чечими тууралуу жарыя кылган Алтын Капалова 2, 5 жылдан бери үч баласына алардын атасынын ысмын эмес, өзүнүн ысмын берүүгө уруксат ала албай келген.

Социалдык тармакта матчествону колдогондор менен каршы чыккандар арасында кызуу талкуулар бүгүнкү күнгө чейин жүрүп жатат.

Конституциялык сот кабыл алган чечими боюнча «(КР Жарандык кодекстин 56-беренеси боюнча 18 жашка толгондон кийин) бала ар кандай себептер менен атасынын атын алып жүргүсү келбесе,  ал атасынын же энесинин атын тандап алуу укугуна ээ боло алышы керек. Бул суроо өзгөчө учурда, калктын аз гана бөлүгүнө тиешеси болушу керек. Ошондуктан мыйзамда жарандардын бул категориясы үчүн теңдик жана дискриминация болбошу үчүн мындай укуктук ченемдер камтылышы керек. Бул чечим менен биздин салттуу жана тарыхый баалуулуктарыбыз бузулбайт», -деп билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты