Кыргызстанда каалоочуларга атасынын ордуна энесинин атын алып жүрүүгө уруксат берилди   

  • 10 месяцев мурун

Кыргызстанда каалагандарга атасынын атынын ордуна энесинин атын (матчество, матроним) алып жүрүүгө расмий уруксат берилди.

Бул тууралуу Конституциялык сот чечим чыгарганын cүрөтчү, балдар жазуучусу Алтын Капалова Фейсбук баракчасына жазды.

Конституциялык соттун чечими тууралуу жарыя кылган Алтын Капалова 2, 5 жылдан бери үч баласына алардын атасынын ысмын эмес, өзүнүн ысмын берүүгө уруксат ала албай келген.

Мамлекеттик каттоо кызматы эки жыл мурда балдарына өз атын берген Капалованы сотко берген. Алтын Капалова үч баланы жалгыз өстүрүп келген. Балдардын атасы аларга жардам берген эмес жана алимент да төлөбөй келген. Капалова балдарына алардын атасынын ысмын берүүдөн баш тарткан жана балдарына өз атына күбөлүк жаздырып алган. Ушуга байланыштуу Каттоо кызматы менен соттошуп келген. Андан кийин ал Конституциялык сотко кайрылган.

Матчество деген эмне?

Матроним (матчество)- балага атасынын атынын ордуна эненин аты берилиши.

Скандинавия өлкөлөрүндө баланын фамилиясы катары энесинин аты колдонулган. Энесинин атына балдар үчүн — son (уул), кыздар үчүн -dotter (кыз) мүчөлөрү уланган. Мисалы: Свен Эстридсен (Даниянын 1047-1074-жж падышасы) даниялык ханыша Эстрид Свенсдоттердин уулу болгон.

Ал эми юрист Таттыбүбү Эргешбаева матчествого жол бербеген мыйзам жок экенин айткан: “Биз эксперттер тобу менен бул маселе үстүнөн анализ жасап жатабыз. Жакында укуктук жактан баа беребиз. Мыйзам матчествого тыюу салбайт” деп билдирген.

Сүрөттө: Матчество үчүн күрөшүп келген Алтын Капалова. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты