«Медиа полиси институту» «Конституциялык сот жөнүндө» мыйзамды өзгөртүү демилгесин сынга алды

  • 10 месяцев мурун

«Медиа полиси институту» «Конституциялык сот жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушун сынга алды. Уюм мындай демилгени соттун «матчество» боюнча чечими менен байланыштырды. Сунушту Конституциялык соттун ишине кийлигишүү катары баалады.

«Медиа полиси» 18-июлда тараткан билдирүүсүндө Конституциялык соттун чечимин көптөгөн мамлекеттик жана коомдук ишмерлер сынга алганын эске салган.

«Мунун баары президенттик администрациянын Конституциялык соттун укуктарын чектөөсүнө себеп болуп берди. Анткени Конституциялык сот 30-июндагы чечимин Кыргызстанда адамдар улутунан, жынысынан, дин ишениминен жана башкадан көз карандысыз тең укуктуу экенин даңазалаган Баш мыйзамга ылайык чыгарды. Соттун чечими жаран аты-жөнүн 18 жашка толгондон кийин каалагандай өзгөртүүгө укугу бардыгына негизделген. Президенттик администрация муну түшүнүп туруп, «Конституциялык сот тууралуу» мыйзамды өзгөртүүнү сунуштап жатканы — сот адилеттигине орой жана ачык кийлигишүү», — деп жазылган билдирүүдө.

Уюм президенттик администрациянын сунушу автократтык системага алып бара турганын айтып, демилгечилерди мыйзам долбоорун чакыртып алууга үндөгөн.

Азыр күчүндө болгон мыйзамга ылайык, Конституциялык соттун чечими кайра кароого жатпайт.

Мындан он күн мурда, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев “матчество” тууралуу жарандык пикирин билдирген. Ал Фейсбуктагы баракчасына “эч кандай матчество болбойт, ким кабыл алса ошол кайра жокко чыгарышы керек. Бул менин жарандык позициям”,- деп жазган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда каалагандарга атасынын атынын ордуна энесинин атын (матчество, матроним) алып жүрүүгө расмий уруксат берилгенин cүрөтчү, балдар жазуучусу Алтын Капалова Фейсбук баракчасына жазган. Капалова мындай чечимди Конституциялык сот кабыл алганын белгилеген.

Конституциялык соттун чечими тууралуу жарыя кылган Алтын Капалова 2, 5 жылдан бери үч баласына алардын атасынын ысмын эмес, өзүнүн ысмын берүүгө уруксат ала албай келген.

Социалдык тармакта матчествону колдогондор менен каршы чыккандар арасында кызуу талкуулар бүгүнкү күнгө чейин жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты