Next TV телеканалынын соту 28-мартка белгиленди

  • 2 года мурун

Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 24-мартта Next TV жарыялаган маалыматты экстремисттик деп таануу тууралуу прокуратуранын арызын карады.

“Азаттык” радиосу Равшан Жээнбековдун маалыматына таянып, кийинки отурум 28-мартка белгиленгенин билдирди.

Жээнбековдун айтымында, прокуратуранын сотко кайрылышы боюнча маалымат тараптарга чукул түрдө айтылган. Бир эле мезгилде шаардык сотто телеканалдын директору Таалай Дүйшембиевдин бөгөт чарасы да каралгандыктан, жараянга өз убагында жетишүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес.

Бишкек шаардык сотунда бүгүн, 24-мартта Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшембиевдин бөгөт чарасы каралып, Биринчи май райондук сотунун чечими күчүндө калды. Биринчи инстанциядагы сот Дүйшембиевди 3-майга чейин камакка алууга чечим чыгарган.

Белгилей кетсек, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) NEXT TV каналына улуттар аралык кастыкты козутуу беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, телеканалдын директору Таалай Дүйшенбиев 48 саатка камакка алган.

Атайын кызмат кабарлагандай, буга телеканалдын Казакстандын Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысынын сөзүнө таянып, «Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген жалган кабарды социалдык түйүндөрдө таратканы себеп болгон. Экспертиза бул маалыматта «кастык козутуучу белгилер бар» деп тапкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты