Тигүүчүлүккө окутабыз деген шылтоо “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмуна тартышкан

  • 6 месяцев мурун

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун аймагында «Хизбут-Тахрир аль-Ислами» ДЭУнун ячейкасынын  аялдар канатынын  мүчөлөрү кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда терроризмге каршы операциялардын жүрүшүндө «Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами» диний-экстремисттик уюмунун аялдар канатынын активдүү мүчөлөрү аныкталды. Алар тигүү жана кесүү боюнча практикалык окутуу шылтоосу менен жаш аялдарды ал жакка жумушка тартышкан. Бул процесстин жүрүшүндө алар тыюу салынган «Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами» ДЭУнун идеологиясын акырындык менен жана тымызын түрдө жайылтышкан.

Топтун лидерлери жабык түрдөгү Telegram каналдарына активдүү катышып, тыюу салынган адабияттарды таратып, Кыргыз Республикасында халифат түзүү маселесин талкуулашкан.

Аныкталган адамдардын жашаган жерлерин тинтүү учурунда Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами ДЭУга байланыштуу көп сандагы  тыюу салынган адабияттар, электрондук каражаттар, компьютерлер, флешкалар жана уюлдук телефондор табылган.

29-январда тергөө жана ыкчам иш-чаралардын натыйжасында экстремисттик уюмдун аялдар канатынын беш мүчөсү кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камакка алынды.  Учурда тергөө иштери уланууда.

УКМК диний экстремисттик уюмдарды түзүү, алардын ишине катышуу жана экстремисттик материалдарды таратуу кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты