Next TV башка кеңседе, башка жабдуулар менен обого чыга баштады

  • 2 года мурун

Next TV каналы башка кеңседе, башка жабдуулар  менен обого чыгарыла баштады.

Бул тууралуу каналдын учредители Равшан Жээнбеков Фейсбук баракчасында билдирди.

Ал эми редакциянын кеңсеси  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөөчүлөрү тарабынан бекитилген.

Равшан Жээнбековдун айтымында, буд саясий өч алуу жана кысым болуп эсептелет.  

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) NEXT TV каналына улуттар аралык кастыкты козутуу беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, телеканалдын директору Таалай Дүйшенбиевди камакка алган.

Атайын кызмат кабарлагандай, буга телеканалдын Казакстандын Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысынын сөзүнө таянып, «Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген жалган кабарды социалдык түйүндөрдө таратканы себеп болгон. Экспертиза бул маалыматта «кастык козутуучу белгилер бар» деп тапкан.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 29-мартта Next TV телеканалынын ишмердүүлүгүн токтотуу тууралуу Башкы прокуратуранын арызын карады. Судья Айнура Сатарова Башкы прокуратуранын арызын жарым-жартылай канааттандырып, телеканал жарыялаган маалыматты экстремисттик деп тапты. Ал эми телеканалдын ишин токтотуу жана анын продукциясын башка булактарга жарыялоого тыюу салуу тууралуу өтүнүчтү канааттандырган жок.

Саясатчы Равшан Жээнбековдун «ПолитКлиника» медиасына Next телеканалынын жабылышы, өзүнө жана жакындарына козголгон иштер жана саясий-экономикалык маселелер интервьюсу бул шилтемеде.

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты