Непалдын убактылуу премьер-министри Сушила Карки жарым жылдан кийин отставкага кетээрин билдирди
- 5 месяцев мурун
Непалдын убактылуу премьер-министри Сушила Карки жаңы өкмөт куралгандан кийин, жарым жылдан кийин отставкага кетээрин билдирди
Сушила Карки Непалдын өкмөтү отставкага кеткенден кийин Discord аттуу социалдык тармакта Z мууну тарабынан премьер-министр болуп шайланган.
Непалда шайлоону келерки жылдын 5-мартында өткөрүүнү пландап жатышат.
«Мен бул кызматты аркалагым келген эмес. Мени бул кызматка коюу көчөдөгү элдин талабы болду” деди ал.
Сушила Карки 73 жашта, буга чейин Непалдын Жогорку соту болуп иштеген.
Z мууну бул болжол менен 30 жаш же андан кичүү жаштардын мууну. Ал муун коррупцияны токтотуп, өлкөнү мыктылап башкарууну, экономикалык теңчиликти орнотууну талап кылууда.
Непалда сентябрь айынын баш жагында көпчүлүк социалдык тармактар менен мессенжерлерге, анын ичинде фейсбук, инстаграмм, вотсап, ютуб ж.б. тыюу салуу чечимине каршы жергиликтүү калк көтөрүлгөн.
Толкундоолордон улам, Непалдын премьер-министри Кхадга Прасад Шарма Оли отставкага кетти.
Буга чейин Непалдын бийлиги 20дан ашык социалдык мессенжерлерге тыюу салуу чечимин артка кайтарды.
Непалдагы массалык толкундоолордо каза болгондордун саны 25 кишиге жетти, 633 киши жаракат алды. Бул тууралуу 10-сентябрда Reuters агенттиги билдирди.
Сүрөттө: Сушила Карки. Reuters




