Борбор шаардын айрым жерлеринде суу убактылуу өчүрүлөт
- 2 недели мурун
- Жаңылыктар
Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөргө, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү уюмдарына, саламаттык сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык-тиричилик жана өндүрүш объектилерине ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.
Суу берүү убактылуу токтотула турган аймакка «Калыс-Ордо» конушу кирет.
Суу берүү «Калыс-Ордо-1» жана «Калыс-Ордо-2» суу топтомосунда, ошондой эле шаардык суу түтүктөрүнүн тармактарында оңдоо-профилактикалык иштердин жүргүзүлүшүнө байланыштуу токтотулат.
«Бишкек суу канал» муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундары менен уюмдардан алдын ала жетиштүү өлчөмдө ичүүчү суу камдап алууну өтүнөт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




