Курулуш материалдарынын айрым түрлөрүн өлкөгө ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды

Министрлер кабинети Кыргызстандын аймагына курулуш материалдарынын айрым түрлөрүн ташып келүүгө убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды.

Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Токтомдун максаты ата мекендик курулуш материалдарын өндүрүүчүлөрдү коргоо, ички рынокту турукташтыруу, ошондой эле үчүнчү өлкөлөр тарабынан импорттук атаандаштык шарттарында экономикалык (улуттук) коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат. Убактылуу тыюу салуунун мөөнөтү — алты ай.

Ташып келүүгө убактылуу тыюу салынган товарлардын айрым түрлөрү:

-Жеңилдетилген бетондон (майдаланган пемзадан, майда тоголоктолгон күлдөн ж.б. жасалган негиздүү) курулуш блоктору жана кыштар;

-Цементтен, бетондон же жасалма таштан курулуш блоктору жана кыштар;

-Жол төшөө үчүн плиталар, полдорду, мештерди, каминдерди жана дубалдарды каптоо үчүн плиткалар;

-Чоюлган жана үйлөтүлгөн айнек,

-Алюминий өзөктүү кабелдер

-Изоляцияланган зымдар (СИП-1, СИП-2, СИП-3, СИП-4, СИП-5) ж.б.  

Толук тизме бул шилтемеде

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты