Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттарынын иш тартиби убактылуу өзгөрөт

Кытайдын Күз ортосу майрамы жана Кытайдыг улуттук күнү белгиленгендигине байланыштуу, кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы автожол өткөрүү пункттарынын иштөө тартиби убактылуу өзгөрөт.

Бул тууралуу Чек ара кызматы 22-сентябрда билдирди.

Кытай тараптын маалыматына ылайык, «Эркечтам-автожол» жана «Торугарт-автожол» өткөрүү пункттары аркылуу жарандарды жана транспорт каражаттарын өткөрүү төмөнкү мезгилдерде убактылуу токтотулат:

Эркечтам-автожол өткөрүү пункту: 25-сентябрда саат 22:00дөн, 26-сентябрда саат 08:00гө чейин; 1-октябрь саат 22:00дөн 4-октябрда саат 08:00гө чейин.

Торугарт-автожол өткөрүү пункту:  2026-жылдын 25-сентябрында саат 22:00дөн 26-сентябрда саат 08:00гө чейин;   2026-жылдын 1-октябрында саат 22:00дөн 4-октябрда саат 08:00гө чейин.

Көрсөтүлгөн мезгилдерде жарандарды жана транспорт каражаттарын мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү жүргүзүлбөйт.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жарандарга, жүк ташуучуларга жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларына кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы аркылуу сапарларды жана жүк ташууну пландаштырууда жогоруда көрсөтүлгөн маалыматты эске алууну сунуштайт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты