Кыргызстанга алма ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды

Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын аймагына алма ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 

Алма ташып келүүгө тыюу салуунун максаты багбанчылык чарбаларын колдоо, 2026-жылдагы алма түшүмүн өз убагында сатуу үчүн шарттарды түзүү жана тармактын өндүрүштүк дараметин сактоо болуп саналат.

Токтомго ылайык, төмөнкүлөрдү кошпогондо, (ЕАЭБ ТЭИ ТН 0808 10 100 0–0808 10 800 8 коддору менен классификациялануучу алманы) үчүнчү өлкөлөрдөн жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден 2027-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленди: 

1) жүктөп жөнөтүлгөн датасын жана багытын ырастаган документтер болгондо, Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен өткөрүлүүчү алманы, анын ичинде аларды Евразия экономикалык бирлигине мүчө бир мамлекеттин аймагынан Евразия экономикалык бирлигине мүчө экинчи мамлекеттин аймагына ташууда;

2) Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин бажы органына жөнөтүлгөн жана көрсөтүлгөн жагдайларды ырастоочу расмий каты болгондо, бул токтом күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын дарегине жүктөп жөнөтүлгөн алманы

Токтом расмий жарыяланган күндөн үч күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты