Назарбаев өз атындагы университет, мектептер жана фонд төрагасы макамынан ажыратылды

  • 10 месяцев мурун

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 4-июлда Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевди университеттин, мектептердин жана анын атындагы фонддун жогорку башкаруу органынын жетекчиси макамынан ажыраткан өзгөртүүлөргө кол койду

Атап айтканда, “Назарбаев Университетинин, Назарбаев интеллектуалдык мектептеринин жана Назарбаев фондунун макамы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүдө.

Кабыл алынган мыйзамга ылайык, жогорку камкорчулар кеңешинин төрагасы болуп Казакстандын президенти же Казакстандын президенти дайындаган адам саналат. Жогорку камкорчулар кеңеши жөнүндө жобону төрага бекитет.

2011-жылы кабыл алынган мыйзамда Жогорку камкорчулар кеңешинин төрагасы биринчи президент Нурсултан Назарбаев экени жазылган.

Быйыл февралда президент Касым-Жомарт Токаев «Казакстандын биринчи президенти – Элбашы тууралуу» мыйзамдын күчүн жокко чыгарган жарлыкка кол койгон.

Мыйзамда өлкөнүн экс-президенти Нурсултан Назарбаевге жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө бир катар артыкчылыктар, анын ичинде мамлекеттин эсебинен өмүр бою коопсуздугун каржылоо жана күзөт берүү каралган.

Мындан тышкары Токаевдин жарлыгы менен Назарбаев өзү ээлик кылган мүлктөрдүн кол тийбестигинен, анын жакындары жеке кол тийбестигинен ажыратылган.

Назарбаев 2019-жылы бийликтен кетип, кызматын Касым-Жомарт Токаевге өткөргөндөн кийин өлкөнүн саясатына таасирдүү кызматты – Коопсуздук кеңешинин төрагалыгын ээлеген. 2022-жылдын январында жапырт нааразылыктар башаламандыктарга айланып, кан төгүлгөндө бул кызматын да президент Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берген. Мындан кийин Нурсултан Назарбаевдин жакындары да кызматтан кетип, айрымдары камалган.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты