Назарбаев бийликтен кетти

  • 5 лет мурун

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бийлик ыйгарым укуктарын токтотуп жатканын жарыялады.

19-мартта жергиликтүү убакыт боюнча кечки 7де ал мамлекеттик телеканал аркылуу кайрылуу жасады. Анда Назарбаев өзүнө шайлоодо ишеним көрсөткөн элине алкыш айтты. Ал «Нур Отан» партиясынын лидери жана Коопсуздук кеңешинин төрагасы бойдон кала берерин айтты.

Президенттин милдетин сенаттын төрагасы Касым-Жоомарт Токаев убактылуу аткарып турарын билдирди.

79 жаштагы Нурсултан Назарбаев Казакстанды 1990-жылдын 24-апрелинен бери президент катары жетектеп келаткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты