25 мектепке Starlink терминалдары тапшырылды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы 25 мектепке жогорку ылдамдыктагы спутниктик интернетке жеткиликтүүлүктү камсыздоо үчүн Starlink терминалдарын тапшыруу иш-чарасына катышты.

Аталган жабдуулар компания тарабынан акысыз негизде берилип, билим берүү мекемелерине жогорку ылдамдыктагы спутниктик интернетке жеткиликтүүлүктү камсыздоо үчүн тапшырылды.

2025-жылы Кыргыз Республикасында спутниктик интернетти киргизүү боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилген. Аны ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча заманбап спутниктик байланыш технологияларын туруктуу негизде колдонууга шарт түзгөн тиешелүү ченемдик укуктук актылар кабыл алынган.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты