Навальныйдын тарапташтары анын сөөгү апасына берилгенин билдирди

  • 2 месяца мурун

Алексей Навальныйдын тарапташтары анын сөөгү 24-февралда апасына берилгенин билдирди.  

“Азырынча Людмила Ивановна (Алексей Навальныйдын апасы) — Салехардда.  Алдыда маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты турат” деп билдирди Навальныйдын басма сөз катчысы Кира Ярмыш.

 Ал Х соцтармактагы баракчасына Навальныйдын сөөгүн алар менен чогуу талап кылып бийликке кайрылгандардын баарына ыраазычылык билдирди жана тажыя тууралуу кийинчерээк маалымат болорун жазды.

47 жаштагы оппозиционер Алексей Навальный түрмөдө каза болгонун 16-февралда Федералдык жаза аткаруу кызматы кабарлаган. Ал 2021-жылдан бери камакта отурган.

Бул күнү Навальныйдын адвокаты менен апасы анын сөөгүн алып кетүү үчүн Салехардга барып, таба албай коюшканын билдиришкен.

Алексей Навальныйдын сөөгүн жакындарына берүү талабы менен Тергөө комитетине 46 464 кайрылуу жолдонгон.

Сүрөттө: Алексей Навальный

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты