Алексей Навальныйдын каза болгонун Орусия басылмалары жазууда

  • 2 месяца мурун

Орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары Алексей Навальныйдын каза тапканы тууралуу маалымат жарыялап жатышат.

 RT телеканалы өз булактарына таянып, Алексей Навальныйдын тромбу жарылып кеткенин жазды. “База” Телеграмм каналынын маалыматы боюнча, бүгүн саат 13төр чамасында Навальный өзүн жаман сезип, “Тез жардам” чакырылган. Ал саат 14:17 де каза болуп калган.  

Орусиянын Ямал-Ненец автоном округунун жаза аткаруу федералдык кызматы  Алексей Навальныйдын каза тапканын билдирди.

“2024-жылдын 16-февралында №3  түзөтүү колониясында А.А. Навальный каза тапты. Эс алуудан кийин ал өзүн жаман сезип, эс-учун жоготуп койду” деп айтылат билдирүүдө.   

Алексей Навальный орусиялык оппозициялык саясатчы, алдамчылык, экстремисттик уюм түзүү ж.б. айыптар менен айыпталган. 19 жыл кесилип, Ямал-Ненец округунун Харп кыштагында №3 түзөтүү колониясында жазасын өтөп жаткан.  

Ал Орусиянын президенти Владимир Путинге жана анын тарапташтарына каршы массалык акцияларды уюштуруп келген. “Коррупция менен күрөшүү” аттуу фонду бир нече жолу Орусиянын жогорку бийлик өкүлдөрүнүн коррупциясы тууралуу иликтөөлөрдү жүргүзүп келген.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты