Кегети суусуна кулаган унаа ичиндеги 6 жашар баланын сөөгү табылды
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 26-июнда, Кееги суусуна кулаган унаанын ичиндеги 6 жашар баланын сөөгү табылды.
Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башка башкармалыгы билдирди.
23-июнь күнү Чүй районундагы Кегети капчыгайында «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү автоунаа сууга түшүп кеткен. Окуянын кесепетинен автоунаанын ичиндеги 12 жаштагы кыз менен 6 жаштагы бала агып кеткен.
Аталган факты боюнча маалымат Чүй РИИБге катталып, окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча текшерүү иштери башталган.
Издөө-куткаруу иш-чараларынын жүрүшүндө 12 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Ал эми 6 жаштагы бала азыркы убакка чейин табыла элек болчу.
Үч күнгө созулган издөө иштерине Чүй ОИИББдин, Чүй райондук ички иштер башкармалыгы, Чүй милициясынын кайгуул-күзөт кызмат полкунун, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана элдик кошундар катышты.
Кегети капчыгайында унаа дайрага кулап, эки жаш баланы суу алып кеткен. 23-июнда Кегети капчыгайында унаа дайрага кулап кеткен. Унаада беш киши, анын арасында эки жаш бала болгон.
Сүрөт: Токой кызматы




