Бишкекте 99% турак үйлөргө ысык суу берилди
- 1 месяц мурун
Турак үйлөрдүн 99%ы ысык суу менен камсыздалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.
«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы 11-майга карата ысык суу берүүнүн жүрүшү тууралуу буларды маалымдады:
-Бүгүнкү күндө ишкананын техникалык тейлөөсүндө турган турак үйлөрдүн 99% ысык суу менен камсыз болду. Ошону менен бирге, калган абоненттерди кошуу жана айрым үйлөрдө ысык суунун берилбей жатышынын себептерин четтетүү боюнча иштер жүрүп жатат. Учурда Шопоков көчөсү 99/1 жана Жибек Жолу проспектиси 517 даректери боюнча ысык сууну кошуу убактылуу мүмкүн болбой жатат. Аталган даректердин жылуулук пунктуна кирүүгө мүмкүнчүлүктүн жоктугу себеп болууда.
Мындан тышкары, ысык суу берилгенден кийин гидравликалык режимди жана циркуляцияны жөнгө салуу иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу айрым үйлөрдө ысык суу бир аз кечигүү менен келиши мүмкүн.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




