Чоң Чүй каналына түшүп кеткен кишинин сөөгү табылды

  • 2 месяца мурун

Чүй облусунун Ысык-Ата- районунун Новопокровка айылында Чоң Чүй каналына түшүп кеткен жарандын сөөгү бүгүн, 23-апрелде табылды.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облустук башкармалыгы билдирди.  

6-апрелде Чоң Чүй каналына 1947-жылы туулган кишинин түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Издөө иштерин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Ысык-Ата райондук бөлүмү жүргүзүп келген.   

Табылган жарандын сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлдү.

Сүрөт: ӨКМдин Чүй башкармалыгы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты