Навальныйдын басма сөз катчысы анын сөөгүн таппай жатышканын билдирди

  • 3 месяца мурун

Орусиялык саясатчы Алексей Навальныйдын басма сөз катчысы Кира Ярмыш анын сөөгүн таппай жатышканын социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, колониянын жетекчилиги Навальныйдын сөөгү Салехарддын өлүкканасында экенин билдирди. «Алексейдин апасы менен жактоочусу Салехарддагы өлүкканага келишти. Ал жер жабык экен. Адвокат эшикте көрсөтүлгөн телефон номерине чалды. Аларга бүгүн жетинчи жолу телефон чалуу болгонун айтышты. Ал жерде Алексейдин сөөгү жок экен», — деп жазды Кира Ярмыш.

47 жаштагы оппозиционер Алексей Навальный түрмөдө каза болгонун кечээ, 16-февралда Федералдык жаза аткаруу кызматы кабарлаган. Ал 2021-жылдан бери камакта отурган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты