Мирбек Атабеков Кыргыз эл артисти наамын алды     

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, эстрада ырчысы Мирбек Атабековго  «Кыргыз Республикасынын эл артисти» ардак наамы ыйгарылды.

Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.  

Ардактуу наам жана сыйдык ыйгаруу жарлыгында «Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүн белгилөөгө арналган иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн бир катар кызмат адамдарына мамлекеттик наамдар  жана сыйлыктар ыйгарылды» деп айтылат.

Ошондой эле Мирбек Атабеков Казакстандын экинчи даражадагы «Достук» ордени менен сыйланганы белгилүү болду.

Сүрөттө: Мирбек Атабеков. RFE/RL/ видеодон

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты