Баанын өсүшүнө байланыштуу эмгек акы индексацияланат. Эмгек кодексине өзгөртүү киргизилди

Президент Садыр Жапаров Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул тууралуу маалымат президенттин сайтында 10-ноябрда жарыяланды.

Мыйзам 2026-жылдын 15-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам менен Эмгек кодексинин 91-беренесин төмөнкүдөй мазмундагы 9-бөлүк менен толуктоо сунушталат: Ага ылайык, кызматкерлердин эмгек акысынын реалдуу өлчөмүнүн деңгээлин жогорулатуу товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө керектөө бааларынын өсүшүнө байланыштуу эмгек акыны индексациялоо аркылуу камсыз кылынат.

Эмгек акыны индексациялоо тартиби республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу уюмдарды кошпогондо, жамааттык келишим, макулдашуулар же уюмдун локалдык ченемдик актылары менен аныкталат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты